Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты

Колдонуучулук макулдашуу

1. Жалпы жоболор
1.1 Бул Колдонуучулук макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) коомдук оферта болуп саналат жана Интернет желесиндеги www.ostin.kg сайтында (мындан ары – Сайт) жайгаштырылган материалдардын жана сервистердин Колдонуучулар тарабынан пайдалануу шарттарын аныктайт. Сайт «Остин Кыргызстан» ЖЧКсынын (ИСН 02611201910229) (мындан ары — Компания) менчиги болуп саналат жана потенциалдуу сатып алуучуну Компания менен, өндүрүмдүн ассортименти менен тааныштыруу, товарларга керектөөчүлөрдүн суроо-талабын жогорулатуу максатында түзүлгөн жана товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
1.2 Бул Макулдашуу Колдонуучу сайтты, сервистерди, кызматтарды, ЭЭМ программаларын (мындан ары – Сервистер) колдонгон мезгилде Компания тарабынан Колдонуучу жөнүндө алынышы мүмкүн болгон бардык маалыматтарга карата колдонулат. Учурдагы бардык Сервистер, ошондой эле алардын кандай болбосун өнүгүшү жана/же жаңы Сервистердин кошулушу ушул Макулдашуунун предмети болуп саналат.

2. Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр
2.1 «Остин Кыргызстан» ЖЧКсы, Компания – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизделген, ошону менен бирге ишмердигин www.ostin.kg Интернет-дүкөнү аркылуу дагы жүргүзгөн юридикалык жак.
2.2 Интернет-дүкөн – Товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу, https://www.ostin.kg Сайтында жайгашкан аянтча.
2.3 Сайт – Интернет желесинде https://www.ostin.kg дареги боюнча жайгашкан ресурс, ал автордук укук, товардык белги же тейлөө белгисинин объектиси болгон, же Компаниянын жана Сайттын Колдонуучуларынын башка ушуга окшош же чектеш укуктарынын колдонулушу жайылтылган файлдарды, маалыматтарды, программалык камсыздоону, иллюстрацияларды, фотосүрөттөрдү жана окшош файлдарды камтышы мүмкүн же түздөн-түз камтыйт.
2.4 Келишим – Компаниянын жана Колдонуучунун ортосундагы Товарды сатып алуу боюнча макулдашуу.
2.5 Сервистер – Сайтта колдонуу үчүн жеткиликтүү болгон бардык кызматтар.
2.6 Жеке маалымат – Колдонуучу Сайтты колдонуу процессинде жана/же катталууда (каттоо эсебин түзүүдө), Сайтта буйрутма берүүдө өзү жөнүндө өз алдынча берген маалыматтар, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, Колдонуучунун жеке маалыматтары.
2.7 Жеке маалыматтардын субъекти тарабынан жайылтууга уруксат берилген жеке маалыматтар – Жеке маалыматтардын субъекти тарабынан 2008-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган № 58 Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамы менен каралган тартипте таратууга уруксат берилген, жеке маалыматтардын субъекти тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү аркылуу чектелбеген сандагы жактарга жетүүгө уруксат берилген жеке маалыматтар.
2.8 Жеке кабинет – Сайтта катталган Колдонуучуга жеткиликтүү болгон, Сайттын жекелештирилген Сервистерин пайдалануу үчүн колдонуучулук куралдардын топтомун камтыган Сайттын жекелештирилген интерфейси.
2.9 Жеке маалыматтардын оператору – «Остин Кыргызстан» ЖЧКсы, ИСН 02611201910229. Жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95-үй, 14-кеңсе.
2.10 Колдонуучу – Сайттын сервистерин, Сайттын айрым функцияларын колдонгон жеке жак, Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдаланууга өзгөчөлүү автордук, чектеш жана башка укуктар таандык болгон автор же жак (укук ээси).

3. Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугу
3.1 Материалдар – автордук укук объектилери, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, салттуу жана электрондук жана башка алып жүрүүчүлөргө түшүрүлгөн жана кайра чыгарылган, Колдонуучу Сайтта Товарга комментарий катары, анын ичинде анын социалдык тармактардагы аккаунтуна таандык болгон хэштегдер аркылуу жайгаштырган, Колдонуучу аларга карата Макулдашуунун негизинде пайдалануу укугун берүү жөнүндө Сурамды алган иллюстрациялар, сүрөттөр, фотографиялык чыгармалар жана фотосүрөт тартууга окшош ыкмалар менен алынган башка чыгармалар.
3.2 Сүрөттөр – Колдонуучу Сайтта Товарга комментарий катары, анын ичинде анын социалдык тармактардагы аккаунтуна таандык болгон хэштегдер аркылуу жайгаштырган, Колдонуучу аларга карата Макулдашуунун негизинде пайдалануу укугун берүү жөнүндө Сурамды алган, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 19-беренесинин маанисинде түшүнүлгөндөй адамдардын сүрөттөрү (анын ичинде фотосүрөттөр же алардын сүрөтүн камтыган көркөм искусство чыгармалары).
3.3 Материалдарды пайдалануу укугу – Компаниянын төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу укугу: Материалдарды же алардын каалаган бөлүгүн каалаган алып жүрүүчүлөрдө, каалаган материалдык формада жана каалаган ыкма менен, анын ичинде Интернет желесинде жарыялоо, кайра чыгаруу, коомчулукка жеткирүү, жалпыга көрсөтүү, кайра иштетүү, таратуу.
3.4 Сүрөттөрдү пайдалануу укугу – Компаниянын төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу укугу: Сүрөттөрдү же алардын каалаган бөлүгүн каалаган алып жүрүүчүлөрдө, каалаган материалдык формада жана каалаган ыкма менен, анын ичинде Интернет желесинде жарыялоо, кайра чыгаруу, коомчулукка жеткирүү, жалпыга көрсөтүү, кайра иштетүү, таратуу.
3.5 Сурам – Колдонуучуга Материалга/Сүрөткө «Комментарий» тилкесиндеги билдирүү аркылуу жиберилген, Компаниянын Макулдашуу түзүүгө сунушу (офертасы) болуп саналган, Колдонуучунун Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугун берүүсү жөнүндө Компаниянын сурамы.
3.6 Акцепт — Колдонуучунун Сурамда көрсөтүлгөн хэштегди Сурамга «Комментарий» тилкесинде кошуусу. Сурамды кабыл алуу менен, Колдонуучу Макулдашуунун шарттарына толук жана талашсыз тартипте, кандайдыр бир алып коюуларсыз жана/же чектөөлөрсүз макул болот жана Компанияга Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугун берет. Колдонуучу Акцепт боюнча иш-аракеттерди аткаргандан тарта Компанияга Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугу берилген болуп эсептелет.
3.7 Сайттын жардамында жеткиликтүү болгон бардык объектилер, анын ичинде дизайндын элементтери, текст, графикалык сүрөттөр, иллюстрациялар, видеолор, ЭЭМ программалары, маалымат базалары жана башка объектилер, ошондой эле сервисте жайгаштырылган кайсы болбосун контент Компаниянын, Колдонуучулардын жана тиешелүү түрдө башка укук ээлеринин өзгөчөлүү укуктарынын объектилери болуп саналат.
3.8 Сайттын контентин, ошондой эле кайсы болбосун башка элементтерин пайдалануу Сайтта сунушталган функционалдын алкагында гана мүмкүн. Сервистин мазмунундагы бир дагы элемент, ошондой эле Сайтта жайгаштырылган кандай болбосун контент укук ээсинин алдын ала уруксатысыз башка жол менен колдонулбашы керек. Пайдалануу деген төмөнкүлөрдү түшүндүрөт: кайра чыгаруу, көчүрүү, кайра иштетүү, кандай негизде болбосун жайылтуу, фреймде көрсөтүү ж.б. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурлар эрежеге кирбейт.
3.9 Колдонуучунун сервистердин элементтерин, ошондой эле кандай болбосун контентти коммерциялык эмес, жеке максаттар үчүн колдонуусуна автордук укукту, чектеш укуктарды коргоонун бардык белгилери, товардык белгилер, автордук жөнүндө башка билдирүүлөр, автордун аты (же ылакап аты)/укук ээсинин аталышы өзгөртүлбөгөн түрдө жана тийиштүү объект өзгөртүлбөгөн түрдө сакталган шартта жол берилет. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурлар эрежеге кирбейт.
3.10 Колдонуучуга Сайттын автордук укуктагы объектилери болуп саналган элементтерин тийиштүү укук ээлеринин уруксатысыз коммерциялык жана коммерциялык эмес максаттар үчүн кайра чыгарууга, таратууга, кайра иштетүүгө тыюу салынат.
3.11 Колдонуучу Акцепт боюнча аракетти жасаган учурдан тартып Колдонуучу Компанияга Колдонуучунун, ошондой эле ал мыйзамдуу өкүлү болуп саналган жашы жете электердин Материалдарын жана Сүрөттөрүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн аймактарында өзгөчөлүү укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде колдонуу Укугун берет, ошондой эле Сүрөттөрдүн Компания тарабынан жалпыга жарыялоого жана потенциалдуу кардарларды Компанияга, өндүрүмдүн ассортиментине кызыктыруу максатында, ошондой эле товарларга керектөөчүлөрдүн суроо-талабын жогорулатуу максатында Компания тарабынан Материалдардын жана Сүрөттөрдүн Сайтта пайдаланылышына толук жана шартсыз макулдугун берет. Материалдарды жана Сүрөттөрдү пайдалануу ыкмаларына, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, төмөнкүлөр кирет: каалаган материалдык формада кайра чыгаруу, жалпы коомчулукка жеткирүү, жалпыга көрсөтүү, кайра иштетүү, каалаган алып жүрүүчүлөрдө жана каалаган ыкма менен, анын ичинде Интернет желесинде таратуу, же Материалдарды жана Сүрөттөрдү толугу менен же жарым-жартылай, анын ичинде анонимдүү, б.а. Колдонуучуну, Укук ээсин, сүрөттө чагылдырылган жаранды, аталган адамдардын ылакап аттарын атабастан каалаган башка ыкма менен пайдалануу.
3.12 Материалдарды пайдалануу укугуна өзгөчө эмес лицензия жана Сүрөттөрдү жалпыга жарыялоо жана андан ары пайдалануу укугу Колдонуучу тарабынан Компанияга акысыз берилет.
3.13 Компания Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу же пайдаланууну токтотуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга, Колдонуучунун Акцептинен кийин Материалдарды/Сүрөттөрдү каалаган мезгилде Сайтта жарыялоого, ошондой эле Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдаланууну каалаган мезгилде токтотууга жана аларды Сайттан өчүрүп салууга укуктуу. Материалдарды/Сүрөттөрдү Сайтта жарыялоого байланыштуу бардык тобокелдиктер Колдонуучуга жүктөлөт.
3.14 Колдонуучу Компания Сайттын баракчаларында Колдонуучудан алынган Материалдарды жана Сүрөттөрдү камтыган жарнамалык баннерлерди жана жарыяларды жайгаштыруу укугуна ээ экендигине макул болот.
3.15 Колдонуучу Сайтта жарыяланган Материалдарды жана Сүрөттөрдү өз алдынча өчүрө албайт.
3.16 Компания Сайтта мурда жайгаштырылган Материалдарды жана Сүрөттөрдү каалаган мезгилде, себептерин түшүндүрбөстөн жана алдын ала кабарлабай туруп өз ыктыяры боюнча өчүрүп салууга укуктуу.
3.17 Колдонуучу Компанияга ушул Макулдашуунун негизинде берип жаткан Материалдарга жана Сүрөттөргө жалгыз өзү жооптуу.
3.18 Эгер жарандын Сүрөтү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен алынган же пайдаланылган болсо, анда бул жаран, Колдонуучу, Материалдардын жана Сүрөттөрдүн мыйзамдуу ээси аталган сүрөттү өчүрүп салууну талап кылууга укуктуу.
3.19 Колдонуучу Материалдар жана Сүрөттөр Сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү бар чексиз сандагы адамдардын көрүүсү үчүн Сайтта ачык жайгаштырылышына макул болот.
3.20 Сайтта жарыяланган Материалдарды жана Сүрөттөрдү мыйзамсыз көчүрүү, Материалдарды жана Сүрөттөрдү мыйзамсыз пайдалануу үчүн жоопкерчилик аталган иш-аракеттерди аткарган жактарга жүктөлөт.

4. Колдонуучунун кепилдиктери жана жоопкерчилиги
4.1 Ушул Макулдашуунун шарттарын кабыл алуу менен, Колдонуучу Материалдардын автору/Сүрөттөрдүн укук ээси экендигин жана/же тийиштүү авторлордон/укук ээлеринен Компанияга Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугун берүүгө тийиштүү түрдө ыйгарым укук алгандыгын, Материалдардын авторлорунан жана фотосүрөттөрдө чагылдырылган адамдардан Компанияга Материалдарды/Сүрөттөрдү пайдалануу укугун берүүгө бардык керектүү уруксаттары бар экендигин, ошондой эле Колдонуучунун үчүнчү жактардын (анын ичинде Материалдардын авторлорунун/башка укук ээлеринин жана/же аларда чагылдырылган адамдардын) алдында Материалдарды/Сүрөттөрдү мыйзамдуу пайдаланууга тоскоолдук кылган жана/же мүмкүндүк бербеген эч кандай милдеттенмелери жок экендигин билдирет жана буга кепилдик берет.
4.2 Колдонуучу Материалдардын жана Сүрөттөрдүн тийиштүү укук ээси экендигине же укук ээсинен жана сүрөттө чагылдырылган жарандан аталган сүрөттү ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн ыкмалар менен жана шарттарда жалпыга жарыялоого жана пайдаланууга уруксатын, ал эми сүрөттө чагылдырылган адам, укук ээси көз жумган учурда – анын балдарынын, жубайынын, ал эми алар жок болгон учурда – ата-энесинин уруксатын алгандыгына кепилдик берет.
4.3 Колдонуучу Колдонуучунун жана Материалдарда чагылдырылган жарандын жашы жеткендигине же Материалдарда чагылдырылган жашы жете электин мыйзамдуу өкүлү экендигине кепилдик берет.
4.4 Колдонуучу тарабынан берилип жаткан Материалдар жана Сүрөттөр: Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана үчүнчү жактардын мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбашы; диний, расалык же улуттар аралык кастыкты козгобошу; адепсиз же кемсинтүүчү мүнөздө болбошу, зомбулук сценаларын, баңги заттардын жарнамасын камтыбашы, порнографиялык мүнөздө болбошу жана жашы жете электердин укуктарын бузбашы; үчүнчү жактардын автордук жана чектеш укуктарын бузбашы; Компаниянын товары болуп саналбаган товардын айкын коммерциялык жарнамасын камтыбашы керек.
4.5 Колдонуучу сервистерди жана Сайтты төмөнкү максаттар үчүн колдонбоого тийиш:
4.5.1 тармактын нормалдуу иштешин бузган аракеттерди жасоо;
4.5.2 мыйзамсыз, зыян келтирүүчү, коркутуучу, вирустарды же башка компьютердик коддорду, кайсы болбосун компьютердин же телекоммуникациялык жабдуунун функционалдуулугун бузуу, жок кылуу же чектөө үчүн арналган файлдарды же программаларды камтыган материалдарды же уруксатсыз жетүүнү ишке ашыруу үчүн программаларды жүктөө;
4.5.3 адеп-ахлакты кемсинтүүчү, жалаа жабуучу, автордук укуктарды бузуучу, расалык, этникалык, гендердик, социалдык жана башка негиздер боюнча жек көрүүнү жана/же басмырлоону пропагандалоочу, жашы жете электердин укуктарын бузуучу жана/же аларга кандай болбосун формада зыян келтирүүчү Фотосүрөттөрдү жүктөө;
4.5.4 азчылыктардын укуктарын бузуу;
4.6 Колдонуучу өз алдынча жоопкерчилик тартат жана Компанияны үчүнчү жактардын Материалдарга/Сүрөттөргө жана алардын мазмунуна карата коюлган дооматтары боюнча зыянды/чыгымдарды төлөөгө милдеттүү эмес деп эсептейт. Кайсы болбосун үчүнчү жактар Компанияга Материалдарга/Сүрөттөргө жана алардын мазмунуна карата дооматтарды койгон учурда, Колдонуучу мындай дооматтарды жана/же доолорду өз алдынча жана өзүнүн эсебинен жөнгө салууга же Компанияга мындай дооматтардын коюлушуна байланыштуу чыгашаларды толугу менен төлөп берүүгө милдеттенет.
4.7 Компания Сайтка, Сервистерге карата өзүнүн интеллектуалдык укуктарын коргоо үчүн мыйзамдар менен тыюу салынбаган чараларды көрүүгө укуктуу.
4.8 Колдонуучу Макулдашууну бузган учурда Компания Колдонуучунун Сайтка жана Сервистерге жетүүсүн убактылуу чектөөгө (убактылуу бан), ал эми Макулдашуу одоно жана/же көп ирет бузулган учурда – анын Сервистерге жана Сайтка жетүүсүнө тыюу салууга (туруктуу бан) укуктуу.
4.9 Колдонуучу Компаниянын интеллектуалдык укуктары бузулган жана/же Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 19-беренеси менен каралган укугу бузулган үчүнчү жактарга зыянды төлөп берүүгө кеткен сумманын өлчөмүндөгү мүлктүк чыгымдардын, ошондой эле өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө алдыңкы позицияларды ээлеген консультанттарды (адвокаттарды) тартуу менен соттук чыгымдардын жана сот иштерин даярдоого, алып барууга кеткен чыгымдардын, ошондой эле соттун чечимдерин аткарууга кеткен суммалардын өлчөмүндөгү чыгымдардын, тийиштүү келишимдер боюнча санкцияларды, бышманаларды жана жазапулдарды төлөөгө кеткен суммалардын ордун толтурууга милдеттенет.
4.10 Колдонуучунун Сайттын материалдарын башкаларга берүүгө, сатууга, жарыялоого, башка жакка көчүрүүгө, кайра чыгарууга, модификациялоого же кайрадан иштеп чыгууга же кандайдыр бир башка жол менен жарым-жартылай же толугу менен пайдаланууга укугу жок, Компания аталган иш-аракеттерге жазуу түрүндө уруксат берген учурлардан сырткары.
4.11 Колдонуучу Сайтты пайдаланууга байланыштуу иш-аракеттери үчүн үчүнчү жактын алдында өзү жооптуу, ошондой эле эгерде анын аракеттери үчүнчү жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса дагы жоопкерчиликти өз мойнуна алат, андан тышкары Сайтты пайдаланууда мыйзамдарды сактоого милдеттүү.
4.12 Компания Сайтка, Сервистерге карата өзүнүн интеллектуалдык укуктарын коргоо үчүн мыйзамдар менен тыюу салынбаган чараларды көрүүгө укуктуу.
4.13 Бул Макулдашуунун колдонулушу Колдонуучунун кепилдиктери жана жоопкерчилиги бөлүгүндө мөөнөтсүз болуп саналат.

5. Колдонуучуну каттоо. Колдонуучунун каттоо эсеби
5.1 Колдонуучу үчүн уникалдуу каттоо эсебин түзүү менен Колдонуучунун Сайтта катталуусу үчүн Колдонуучу каттоо формасында сунуш кылынган суроолор боюнча өзү жөнүндө анык жана толук маалыматтарды берүүгө жана аталган маалыматтарды актуалдуу абалда сактоого милдеттенет. Эгер Колдонуучу анык эмес маалыматтарды берсе же Компанияда Колдонуучу тарабынан берилген маалыматтар толук эмес же анык эмес деп эсептөөгө негиздер болсо, Компания өз каалоосу боюнча Колдонуучунун каттоо эсебин бөгөттөөгө же өчүрүп салууга жана Колдонуучуга өзүнүн сервистерин (же Сайттын айрым функцияларын) пайдаланууга уруксат бербей коюуга укуктуу.
5.2 Катталууда көрсөтүлгөн маалыматтар Колдонуучуну идентификациялоого мүмкүндүк бербеген учурда Компания Колдонуучуга өзүнүн каттоо эсебине кирүүгө жана Сервистерди пайдаланууга уруксат бербей коюуга укуктуу.
5.3 Сайтта катталууда Колдонуучу каттоо эсебине кирүү үчүн өзүнө логинди (Колдонуучунун каттоо эсебинин уникалдуу символдук аты) жана сыр сөздү өз алдынча тандайт. Компания айрым логиндерди пайдаланууга тыюу салууга, ошондой эле логинге жана сыр сөзгө коюлуучу талаптарды белгилөөгө укуктуу (узундугу, жол берилген символдор ж.б.).
5.4 Колдонуучу өзүнүн каттоо эсебине кирүү үчүн тандалган каражаттардын коопсуздугу (таап алууга туруктуулук) үчүн өзү жооптуу болуп саналат, ошондой эле алардын купуялуулугун өз алдынча камсыз кылат. Колдонуучу өзүнүн каттоо эсебин колдонуу менен Сайттын сервистерин пайдалануунун алкагындагы бардык иш-аракеттер (ошондой эле алардын кесепеттери), анын ичинде Колдонуучу үчүнчү жактарга өзүнүн каттоо эсебине кирүү үчүн маалыматтарды кайсы болбосун шарттарда (анын ичинде келишимдер же макулдашуулар боюнча) өз ыктыяры менен өткөрүп берген учурларда жоопкерчиликти өз алдынча тартат. Колдонуучунун каттоо эсебин колдонуу менен Сайттын сервистерин пайдалануудагы бардык иш-аракеттер Колдонуучунун өзү тарабынан ишке ашырылган болуп эсептелет, Колдонуучу ушул Макулдашуунун 4.5-пунктунда каралган тартипте Компанияга Колдонуучунун каттоо эсебин колдонуу менен Сайттын сервистерине уруксатсыз жетүү жана/же анын каттоо эсебине кирүү каражаттарынын купуялуулугунун бузулушу (бузулгандыгы жөнүндө шек саноолор) жөнүндө кабарлаган учурлардан сырткары.
5.5 Колдонуучу Компанияны өзүнүн каттоо эсебин колдонуу менен Сайттын сервистерине уруксатсыз (Колдонуучунун уруксатысыз) жетүүнүн бардык учурлары жана/же өзүнүн каттоо эсебине кирүү каражаттарынын купуялуулугунун бузулушу (бузулгандыгы жөнүндө шек саноолор) жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
5.6 Колдонуучу ушул Макулдашуунун шарттарын же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузган учурда, ошондой эле Колдонуучу Сайтты, каттоо эсебин 24 айдан ашык пайдаланбаган учурда Компания Колдонуучунун каттоо эсебин бөгөттөөгө же өчүрүп салууга, ошондой эле кайсы болбосун каттоо эсебин колдонуу менен белгилүү бир Сервистерге жетүүсүнө тыюу салууга укуктуу.
5.7 Колдонуучу каалаган мезгилде Компаниянын Кардарларды колдоо кызматына кайрылуу аркылуу Сайттагы каттоо эсебин өчүрүүгө же Сайттын тийиштүү функциясы болгон учурда, анын аракетин токтотууга укуктуу.
5.8 Каттоо эсеби өчүрүлгөндөн тартып каттоо эсебин калыбына келтирүү жана аталган каттоо эсебин колдонуу менен Сайттын сервистерине жетүү мүмкүн эмес болуп калат, ал эми Колдонуучунун логини башка колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

6. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуунун максаттары
6.1 Компания Колдонуучуга Сервистерди көрсөтүү жана/же анын Интернет-дүкөндүн каталогунан товарларды сатып алуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарды гана чогултат, иштеп чыгат жана сактайт.
6.2 Компания жеке маалыматтарды автоматташтырылган, автоматташтырылбаган жана айкалышкан каражаттарды колдонуп төмөнкү ыкмалар менен иштеп чыгат: төмөнкү максаттар үчүн чогултуу, жаздырып алуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), чыгарып алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (таратуу, жетүүгө мүмкүндүк берүү), ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу:
6.2.1 Компания менен келишимдердин алкагында тарапты идентификациялоо;
6.2.2 Колдонуучунун төлөмдөрүн иштеп чыгуу жана алуу;
6.2.3 Колдонуучуга товарды жеткирүү;
6.2.4 Колдонуучуга натыйжалуу кардардык колдоо көрсөтүү;
6.2.5 Колдонуучуга жекелештирилген Сервистерди көрсөтүү;
6.2.6 Колдонуучу менен байланыш, анын ичинде Сервистерди пайдаланууга, кызматтарды көрсөтүүгө тиешелүү билдирүүлөрдү, сурамдарды жана маалыматтарды жөнөтүү, ошондой эле Колдонуучунун сурамдарын жана өтүнмөлөрүн иштеп чыгуу;
6.2.7 Сервистердин сапатын, аларды пайдалануу ыңгайлуулугун жакшыртуу, жаңы Сервистерди жана кызматтарды иштеп чыгуу;
6.2.8 Колдонуучуну Компаниянын иш-чаралары жана акциялары жөнүндө маалымдоо;
6.2.9 ээсиздендирилген маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6.2.10 жаңылыктарды камтыган билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн.
6.3 Компания, маалыматтарды алуу ыкмасынын өзгөчөлүгүнөн улам, Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт жана анын актуалдуулугуна көзөмөл жүргүзбөйт. Бирок Компания Колдонуучу каттоо формасында сунуш кылынган суроолор боюнча анык байланыш маалыматтарын (жана/же жеке маалыматтарды) берет жана аталган маалыматтарды актуалдуу абалда сактайт деп эсептейт. Анык эмес же актуалдуу эмес маалыматтарды/жеке маалыматтарды бергендиги үчүн бүткүл жоопкерчилик, ошондой эле анын мүмкүн болгон кесепеттери Колдонуучуга жүктөлөт.

7. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу шарттары
7.1 Компания жеке маалыматтардын Оператору болуп саналат жана Колдонуучулардын жеке маалыматтарын (аты, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почта дареги, жынысы, туулган күнү, почта дареги, үй, жумуш, мобилдик телефон номерлери, Колдонуучулардын IP-даректери, cookie файлдары жөнүндө маалыматтар, Колдонуучунун браузери, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык сактайт жана иштеп чыгат.
7.2 Колдонуучу өзү жөнүндө маалыматтарды саны чектелбеген жактардын жалпы пайдалануусу үчүн өз ыктыяры менен берген учурлардан сырткары, Колдонуучунун жеке маалыматтарынын купуялуулугу сакталат.
7.3 Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын мындай маалыматтарды коргоого коюлуучу талаптарга ылайык коргойт жана мындай маалыматтарды коргоонун коопсуз ыкмаларын пайдалануу үчүн жооптуу болуп саналат.
7.4 Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарынын корголушун жана алардын тийиштүү түрдө пайдаланылышын камсыз кылуу жана ага уруксатсыз жана/же кокусунан жетүүнүн алдын алуу үчүн керектүү жана жетишерлик техникалык жана административдик чараларды колдонот. Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтар корголуучу жайларда жайгашкан, жеткиликтүүлүгү чектелүү серверлерде сакталат.Компания Сайтта Google'дун ReCAPTCHA сервисин колдонот жана анын иштөөсү үчүн Компания Google'га, үчүнчү жак катары, Колдонуучу жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн өткөрүп берет. Google тарабынан иштеп чыгарылган жеке маалыматтардын көлөмү, аларды иштеп чыгуу максаттары, ыкмалары жана мөөнөтү https://policies.google.com/privacy?hl=ru дареги боюнча жайгашкан Купуялуулук саясатында келтирилген.
7.5 Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга (анын ичинде жаздырып алуу, системалаштыруу, топтоо, тактоо, сактоо, чыгарып алуу, Колдонуучуга атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды түздөн-түз жиберүү, сурамдарды жана кайрылууларды иштеп чыгуу, ошондой эле жеке маалыматтарды жок кылуу менен алектенген уюмдарга) төмөнкү учурларда өткөрүп берүүгө укуктуу: Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга (анын ичинде жаздырып алуу, системалаштыруу, топтоо, тактоо, сактоо, чыгарып алуу, Колдонуучуга атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды түздөн-түз жиберүү, сурамдарды жана кайрылууларды иштеп чыгуу, ошондой эле жеке маалыматтарды жок кылуу менен алектенген уюмдарга) төмөнкү учурларда өткөрүп берүүгө укуктуу:
7.5.1 Колдонуучу мындай аракеттерге макулдугун айкын билдирди, б. а. Сайтта жеке маалыматтар менен формаларды толтурууда бул чекбокстордун бирин белгиледи: «Ушуну менен мен колдонуучулук макулдашууну кабыл алам…» же «Ушуну менен мен өзүмдүн жеке маалыматтарымды колдонуучулук макулдашуунун шарттарына ылайык иштеп чыгууга макулдугумду берем…»;
7.5.2 Маалыматтарды өткөрүп берүү Колдонуучу тарабынан белгилүү бир Сервисти пайдалануу же Колдонуучуга кызматтарды көрсөтүү, Келишимге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн керек;
7.5.3 Маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мыйзамдар менен белгиленген жол-жоболордун алкагында башка мыйзамдар менен каралган.
7.6 Байланыш жана жеке маалыматтардын Колдонуучу тарабынан өзгөртүлүшү
7.6.1 Колдонуучу каалаган мезгилде, Жеке кабинеттин жеке маалыматтар бөлүмүндө аталган маалыматтарды редакциялоо функциясын колдонуу менен, буга чейин берилген жеке маалыматтарды, алардын бир бөлүгүн, ошондой эле купуялуулук параметрлерин өзгөртүүгө (жаңыртууга, толуктоого) укуктуу.
7.6.2 Колдонуучу каалаган мезгилде Компаниянын Кардарларды колдоо кызматына кайрылуу аркылуу өзүнүн жеке маалыматтарын өчүрүүнү талап кылууга укуктуу.
7.7 Жеке маалыматтардын субъекти таратууга уруксат берген жеке маалыматтарды иштеп чыгуу өзгөчөлүктөрү
7.7.1 Сайтта жеке маалыматтардын субъекти тарабынан таратууга уруксат берилген жеке маалыматтардын төмөнкү категориялары иштелип чыгат: Компаниянын кардарларына жана Сайтка кирүүчүлөргө таандык болгон фамилиясы, аты, атасынын аты; ылакап аты; шаары.
7.7.2 Жогоруда айтылган жеке маалыматтарды таратуу Компаниянын кардарларынын жана потенциалдуу кардарларынын көңүлүн бурууга багытталган.
7.7.3 Жеке маалыматтардын субъекти таратууга уруксат берген жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаты – сатып алууга сунуш кылынган товарлар жөнүндө сатып алуучунун тажрыйбасына негизделген толук маалыматты берүү.
7.7.4 Жеке маалыматтардын субъекти таратууга уруксат берген жеке маалыматтарды камтыган маалыматтар таанышуу максатында гана колдонулушу мүмкүн. Аталган маалыматтарды андан ары көчүрүүгө, таратууга жана трансчекаралык өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
7.7.5 Сайтты пайдалануу процессинде жеке маалыматтардын субъекти таратууга уруксат берген жеке маалыматтарды иштеп чыгууга берилген макулдук жеке маалыматтардын субъекти тарабынан каалаган мезгилде «Остин Кыргызстан» ЖЧКсына тийиштүү сурамды жиберүү аркылуу кайра чакыртып алынышы мүмкүн. Сурам төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: жеке маалыматтардын субъектисинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почта дареги же почта дареги), ошондой эле иштеп чыгууну токтотуу талап кылынган жеке маалыматтардын тизмеги.

8. Жеке маалыматтардын Колдонуучу тарабынан өзгөртүлүшү
8.1 Колдонуучу каалаган мезгилде, Жеке кабинеттин жеке маалыматтар бөлүмүндө аталган маалыматтарды редакциялоо функциясын колдонуу менен, буга чейин берилген жеке маалыматтарды же алардын бир бөлүгүн, ошондой эле алардын купуялуулук параметрлерин өзгөртө (жаңырта, толуктай) алат.
8.2 Колдонуучу каалаган мезгилде Компаниянын Кардарларды колдоо кызматына кайрылуу аркылуу өзүнүн жеке маалыматтарын өчүрүүнү талап кылууга укуктуу.
8.3 Буйрутма жасоо: «катталуусуз буйрутма жасоо» пунктун тандаган учурда буйрутма жасоодо киргизилген маалыматтар сакталып, каттоо эсеби автоматтык түрдө түзүлөт.

9. Сookie жөнүндө маалымат
9.1 Cookie файлдары деген эмне жана Компания аларды эмне үчүн пайдаланат?
Cookie файлдары – бул сайттарга кирүүдө сиздин компьютериңиздин катуу дискине жайгаштырылуучу, сайттардын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле сайттын ээсинин сиздин каалоолоруңуз жөнүндө маалыматтарды алуусу үчүн арналган чакан тексттик файлдар. Cookie файлдарын колдонуу учурда көпчүлүк сайттар үчүн стандарттуу практика болуп саналат. Браузерлердин көпчүлүгү Cookie файлдарын көрүүгө жана аларды башкарууга, ошондой эле Cookie файлдарын алуудан баш тартууга же аларды түзмөктүн катуу дискинен өчүрүп салууга мүмкүндүк берет.
Cookie файлдары сиздин түзмөгүңүздө канча убакытка сакталат?
Компания Cookie файлдарында камтылган маалыматтарды жогоруда келтирилген максаттарда гана пайдаланат, андан кийин чогултулган маалыматтар сиздин түзмөгүңүздө Cookie файлдарынын тийиштүү түрүнө ылайыктуу мөөнөткө, бирок алардын максатына жетүү үчүн зарыл болгон мөөнөттөн ашык эмес убакытка сакталат, андан кийин алар сиздин системаңыздан автоматтык түрдө өчүрүлөт.
Сайтка алгачкы ирет кирүүдө сизден Cookie файлдарын пайдаланууга уруксат суралышы мүмкүн. Эгерде сиз Cookie файлдарынын колдонулушуна макул болгондон кийин, өз чечимиңизди өзгөрткүңүз келсе. Сиз муну браузериңизде сакталган Cookie файлдарын алып салуу менен аткара аласыз (көбүнчө муну браузердин жөндөөлөрүндө жасоого болот). Андан кийин сиздин уруксатыңызды сураган калкып чыгуучу терезе пайда болушу мүмкүн жана сиз башкача тандоо жасай аласыз. Эгер Сиз Cookie файлдарын пайдалануудан баш тартсаңыз, Сайттын айрым функциялары сиз үчүн жеткиликтүү эмес болуп калышы мүмкүн жана сиздин Сайтты пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүзгө таасир этет. Ошондой эле, сиз бардык Cookie файлдарын же айрым сайттардын Cookie файлдарын айттырбай кабыл алуудан же пайдалануудан баш тартуу үчүн, браузериңиздин жөндөөлөрүн өзгөртүп койсоңуз болот.
9.2 Cookie файлдарынын түзүмү, алардын мазмуну жана техникалык параметрлери Компаниянын каалоосу боюнча аныкталат жана Колдонуучуну алдын ала кабарлабастан өзгөртүлүшү мүмкүн.

10. Макулдашууну тастыктоо
10.1 Ар бир Тарап экинчи Тарапка керектүү укук жана аракет жөндөмдүүлүгүнө, ошондой эле Макулдашууну түзүү жана аны анын шарттарына ылайык аткаруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон бардык укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ экендигине кепилдик берет.
10.2 Ушул Макулдашуу Колдонуучу анын шарттарына макулдугун төмөнкү тартипте билдирген учурдан тартып күчүнө кирет: Сайтты/анын айрым функцияларын колдонууну баштоо. Колдонуучу Макулдашуунун шарттарын толук көлөмдө, эч кандай шарттарсыз жана өзгөчөлүктөрсүз кабыл алган болуп эсептелет. Колдонуучу Макулдашуунун кандайдыр бир шарттарына макул болбогон учурда Сайттын функционалын пайдаланууга укугу жок болот.
10.3 Эгер Компания Макулдашууга ушул Макулдашуу менен каралган тартипте кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизсе жана Колдонуучу аларга макул болбосо, Колдонуучу Сайттын функционалын пайдаланууну токтотууга милдеттүү.
10.4 Жарнамалык билдирүүнү таратуу жөнүндө чекбокско белги коюу Колдонуучунун электр байланыш тармагы жана почта байланышы аркылуу (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, SMS-таратуулар, e-mail-таратуулар аркылуу) атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды жиберүүгө жана атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды жиберүү, сурамдарды жана кайрылууларды кароо максатында маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарында автоматташтыруу каражаттарын колдонуу аркылуу же мындай каражаттарды колдонуусуз чогултуу, жаздырып алуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо, чыгарып алуу, пайдалануу аркылуу жеке маалыматтарды иштеп чыгууга толук макулдугун билдирет.
10.5 Колдонуучунун Макулдашуунун шарттарына берген макулдугу, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу тартибине макулдугу Келишимдин, жеке маалыматтардын субъектиси менен «Остин Кыргызстан» ЖЧКсынын ортосундагы башка жарандык-укуктук мамилелердин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде жана жеке маалыматтардын субъектиси менен «Остин Кыргызстан» ЖЧКсынын ортосундагы жарандык-укуктук мамилелер аяктагандан кийин 5 жыл аралыгында жарактуу болот.
10.6 Компания Сайттын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн коммерциялык жактан негиздүү иш-аракеттерди көрөт, бирок техникалык бузулууларга, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу үзгүлтүктөрдүн болбошуна, ошондой эле Сайттын, Сервистин толук же жарым-жартылай иштөө жөндөмдүүлүгүнө кепилдик бербейт.

11. Макулдашууну өзгөртүү
11.1 Компания Макулдашууну кандайдыр бир атайын билдирүүсүз өзгөртүүгө укуктуу, Макулдашуунун жаңы редакциясы, эгер Макулдашуунун жаңы редакциясы менен башкасы каралбаса, Интернет желесинде жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Макулдашуудагы мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин Колдонуучу Сайт менен иштөөнү уланта турган болсо, Колдонуучу аталган өзгөртүүлөргө макулдугун тастыктаган болуп эсептелет. Эгер кандайдыр бир мезгилде Колдонуучу Макулдашуунун шарттарын андан ары аткара албаса, анда Колдонуучу Сайттын функционалын пайдаланууну токтотууга тийиш.

12. Кайтарым байланыш. Суроолор жана сунуштар
12.1 Ушул Макулдашуу боюнча сунуштарыңызды жана суроолоруңузду Компаниянын Кардарларды колдоо кызматына support@ostin.com э-почтасы же төмөнкү дарек боюнча узатыңыз: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95-үй, 14-кеңсе.
Кардарларды колдоо кызматы Москва убактысы боюнча саат 9:00 баштап 21:00 чейин иштейт. Сайт аркылуу буйрутмалар күнү-түнү кабыл алынат.