Товарды сатып алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Арыз жазыңыз.
Башка буюмга алмаштырыңыз же акчаңызды алыңыз.
.........
.........
1-кадам
2-кадам
3-кадам
ТАЛАПТАГЫДАЙ САПАТТАГЫ ТОВАРДЫ КАЙТАРУУ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ
Сиз товарды сатып алгандан (товарды сизге өткөрүп бергенден) тарта он төрт күн аралыгында аны кайтарууга же, эгер ал сизге өлчөмү, формасы, габарити, фасону, түсү же комплектациясы боюнча туура келбесе, аны башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектациядагы дал ошондой товарга алмаштырып алууга укуктуусуз

Товарды кайтаруу:
Эгер товар накталай акча каражаты менен төлөнгөн болсо, анда аны Кыргызстандагы каалаган O′STIN чекене дүкөнүнө кайтарууга болот.­­­­
Банк картасы менен төлөнгөн товарды ошол товарды сатып алган дүкөнгө гана кайтарууга болот.­­­­
Сатып алган күнү товарды, колдонулган төлөм ыкмасына карабастан, товар сатып алынган дүкөнгө гана кайтарууга болот.­­­
Товарды кайтаруу үчүн чек жана өздүгүңүздү тастыктаган документ талап кылынат.­­­­
Эгер чекти жоготуп алсаңыз, товарды сатып алган дүкөнгө гана кайтарууга болот.­­
Эгер товарды накталай акча менен төлөгөн болсоңуз, акчасы дароо накталай кайтарылат.­­
Эгер товар банк картасы менен төлөнгөн болсо, анда акча каражаттары сиз төлөгөн артага кайтарылат.­­ Акча каражаттарын кайтаруу мөөнөтү – 7 күнгө чейин.­­
Көңүл буруңуз

  • Товарды кайтаруу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө O`STIN дүкөндөрүнөн биле аласыз.­­­­­­­­­
  • Товарды кайтаруу дүкөндүн иш убактысында жүргүзүлөт.­
  • Эгер товар формасы, габарити, фасону, түсү, өлчөмү боюнча туура келбесе, сиз андан баш тартууга укуктуусуз.­­
  • Талаптагыдай сапаттагы товарды кайтаруу ал колдонулбаган болсо, анын товардык көрүнүшү, керектөөчүлүк касиеттери, пломбалары, фабрикалык ярлыктары, ошондой эле сатып алуучуга сатылган товар менен кошо берилген товардык же кассалык чек сакталган учурда кайтарууга болот.­­­­­­­­­­­­­
  • Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 мыйзамында келтирилген 24-берененин 1-пунктуна ылайык: Эгерде көрсөтүлгөн товар колдонулбаса, аны товардык көрүнүшү, керектөөчүлүк касиеттери, пломбалары, фабрикалык ярлыктары, ошондой эле керектөөчүгө сатылган, көрсөтүлгөн товар менен берилген товардык чеги же кассалык чеги сакталган учурда сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды, анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баада сатып алынган товарды алмаштыруу мүмкүн.­­­­­­


Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбай турган товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет, атап айтканда:
1. Чулки-байпак буюмдары, кол каптар.
2. Шейшептер, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн шейшептер.
3. Өлчөнүп сатылуучу товар: кездемелер, тюль, килем буюмдары ж.б.
4. Жеке гигиена буюмдары.
5. Жүндүү териден жасалган буюмдар.

Товарды алмаштыруу
  1. Товарды сатып алган күнү жана, сатып алуу күнүн эсепке албаганда, дагы 14 күндүн ичинде алмаштырууга болот.­
  2. Товарды алмаштыруу үчүн чек талап кылынат.
  3. Товарды ошол эле моделдин башка өлчөмүнө же түсүнө алмаштырууга болот.­
Көңүл буруңуз! Башка түстөгү товардын баасы сиз сатып алган товардын баасына барабар болушу керек.­
  1. Алмаштыруу үчүн товарлар жеткиликтүү болсо, товарды каалаган O′STIN чекене дүкөнүндө алмаштырууга болот.­­­