БЕЛЕК КАРТАСЫ

МОДАЛУУ БЕЛЕК!
Бул кандайча иштейт?
Тандаңыз
20, 30, 50, 100 сомдук номиналдагы белек картасын тандаңыз.
Сатып алыңыз
Белек картасын каалаган O'STIN дүкөнүнөн сатып алыңыз.
Белек кылыңыз
Белек картасы менен бардык O'STIN дүкөндөрүндө төлөөгө болот!
Эмне белек кылууну билбей жатасызбы?
Тандоону белек кылыңыз!
Суроолор жана жооптор
Белек карталарын сатуу жана кабыл алуунун толук эрежелери:

1. O'STIN Белек картасы (мындан ары – Карта, Белек картасы) – Картаны Көрсөтүүчүнүн Кыргыз Республикасындагы O'STIN дүкөндөрүнүн ассортиментинен Картанын жарактуулук мөөнөтү ичинде номиналдык суммасына каалаган товарларды тандоо жана алуу укугун ырастаган пластик картасы. Картанын номери, номиналы жана жарактуулук мөөнөтү болот, алар анын бет жагында көрсөтүлгөн. O'STIN дүкөндөрүнүн даректери жөнүндө маалымат www.o-stin.kg сайтында жеткиликтүү.

2. Карта Сатуучунун менчиги болуп саналат жана аны колдонгондон кийин Сатуучуда калат.

3. Картаны анын Көрсөтүүчүсү колдоно алат жана Көрсөтүүчүнүн өздүгүн тастыктоо талап кылынбайт. Андыктан, жоголгон учурда Карта бөгөттөлбөйт жана калыбына келтирилбейт. Картаны идентификациялоо мүмкүн болбогондой жоголгон, уурдалган же бузулган учурда, мындай Карта калыбына келтирилбейт, жаңысына алмаштырылбайт жана Картанын номиналына барабар акча каражаттары Сатып алуучуга (Көрсөтүүчүгө) кайтарылбайт.

4. Картаны акчалай эквивалентине алмаштырууга болбойт.

5. Картаны иш жүзүндө колдонуу (Картаны дүкөндө сатып алуу же аны товарга төлөө максатында көрсөтүү) Сатып алуучу жана/же Көрсөтүүчү Белек картасын колдонуу эрежелери менен таанышкандыгын жана аларга макул экендигин билдирет. O'STIN Белек картасын сатып алып жаткан жак Белек картасын колдонуу эрежелерине бүт бойдон же анын айрым жоболоруна макул болбосо, Белек картасын сатып алуудан же алуудан баш тартуу сунушталат.

6. Картаны Көрсөтүүчү товарды жеке, үй-бүлө, тиричилик муктаждыктары же ишкерлик иш-аракеттерин жүргүзүү менен байланышпаган башка муктаждыктары үчүн алып жаткан жак гана болушу мүмкүн.

7. Картанын Сатып алуучусу төлөгөн акча каражаттарынын суммасы (Картанын номиналы) алдын ала төлөм (аванс) катары төлөнгөн болуп саналат жана келечекте сатып алынуучу товарлар үчүн төлөмдүн эсебине чегерүүгө жатат.

8. Ушул эрежелердин 7-пунктунун аракети товарларды (иштерди, кызматтарды) сатууну стимулдаштыруу максатында өткөрүлгөн жарнамалык жана башка маркетингдик иш-чаралардын алкагында, ошондой эле Картаны кайтарымсыз өткөрүп берүүдө Көрсөтүүчү тарабынан утуш, байге жана белек катары алынган Карталарга жайылтылбайт.

9. Карта жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин жараксыз болуп калат, ал эми анын Сатып алуучусу (Көрсөтүүчүсү) аны колдонуу укугун жоготот. Сатып алынган Карта алмаштырууга жана кайтарып берүүгө жатпайт, ал үчүн төлөнгөн акча каражаттары кайтарылбайт.

10. Эгер Картанын Сатып алуучусу (Көрсөтүүчүсү) Картаны жарактуулук мөөнөтү ичинде колдонбосо, аванс кайтарылып берилбейт.

11. Карта сатып алынгандан кийинки күндөн тартып жарактуу болот.

12. Картаны жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде, анда көрсөтүлгөн номиналдык өлчөмүн эске алуу менен товарларды сатып алууда колдонууга болот:
- Көрсөтүүчү Карта менен алып жаткан товарлардын жалпы наркы Картанын номиналынан аз болсо, Сатуучу Көрсөтүүчүгө Картанын жарактуулук мөөнөтү ичинде калган суммага товарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
- эгер тандалган товардын (товарлардын) баасы Картанын номиналынан төмөн болсо, калдыгы акча каражаттары түрүндө төлөнүп берилбейт;
- эгер тандалган товардын (товарлардын) баасы Картанын номиналынан жогору болсо, Көрсөтүүчү жетпеген сумманы төлөөгө тийиш. Бир нече Карталардын номиналдарын суммалоого жол берилет.

13. O'STIN Клубдук программасынын колдонулушу:
- бонустар менен сатып алуулардын наркынын 30%дан ашпаган бөлүгүн төлөөгө болот, сатып алуунун калган суммасына Белек картасын колдонууга болот (Клубдук программанын эрежелерине ылайык);
- Бонустар же Белек картасы менен төлөнгөн сатып алуунун суммасына Бонустар ыйгарылбайт;
- бонустар сатып алуунун акча каражаттары менен төлөнгөн бөлүгүнө гана ыйгарылат.

14. Дүкөндө Белек картасын накталай же банктык карта менен төлөп алган учурда кассалык чек берилет.

15. Тандалган товарды (товарларды) сатып алууда кассалык чек берилет, анда колдонулган Карта жөнүндө маалыматтар, ошондой эле, эгер кошумча акча төлөнгөн болсо, анын суммасы көрсөтүлөт.

16. Карта менен алынган товар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алмаштырууга жана кайтарууга жатат.

17. Карта менен алынган товарды кайтарууда анын номиналдык суммасы накталай төлөнүп берилбейт – башка товарга алмаштырууга же эң жакынкы азыраак номиналдагы O'STIN Белек картасына алмаштырууга болот, ал эми Белек картасынын номиналы Белек картасынын баштапкы номиналынан айырмаланса, накталай кайтарылышы мүмкүн. Жаңы Белек картасынын жарактуулук мөөнөтү баштапкы Белек картасынын жарактуулук мөөнөтүнөн кем болбошу керек, эгер дүкөндө мындай жарактуулук мөөнөтү бар Карталар бар болсо. Эгер жок болсо, дүкөндө жеткиликтүү болгон максималдуу жарактуулук мөөнөтү бар Карталар берилет.

18. Карта менен алынуучу товарга дүкөндөгү бардык арзандатуулар жайылтылат.

19. Сатуучу Белек картасын колдонуу эрежелерин өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Актуалдуу маалымат www.o-stin.kg сайтында жайгаштырылган.

20. «Остин Кыргызстан» ЖЧКсы, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95-үй, 14-кеңсе

21. Товарларды Карта менен сатып алуу боюнча суроолор үчүн телефон